Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы 212 адамдан аныкталып, 6 бейтап каза болду. Республикалык штабдын маалыматына караганда, Бишкекте - 152, Чүй облусунда - 22, Ош шаарында - 4, Ош облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 18, Нарын облусунда - 12, Жалал-Абад облусунда - 2 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 149 адам коронавирустан айыгып чыкты. Бүгүнкү күнү стационарларда 1 миң 246 бейтап, амбулатордук түрдө 1 мин 270 адам дарыланууда. Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медициналык кызматкер илдетке чалдыкты. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 92 миң 95 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 87 миң 56 киши айыгып чыкса, 1 миң 555 адам каза болду.