Премьер-министр Улукбек Марипов Ош - Баткен - Исфана унаа жолун реабилитациялоо долбоорунун ишке ашырылышын көзөмөлгө алды.
Долбоор транспорттук дараметти жана коопсуздукту жогорулатууга, Бишкек - Ош унаа жолундагы жаратылыш кырсыктарынын тобокелдигин кыскартууга багытталган. Жумуштар Ош, Жалал-Абад облустарында ишке ашырылып, эки компонентти карайт. Ош - Баткен - Исфана унаа жолунун 28-75-чакырымдарындагы, аралыгы 47 чакырымды түзгөн жол тилкеси реабилитацияланат. Учурда подрядчикти тандоо, долбоордук-сметалык, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө.
Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон. Жол салуу иштери үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айлдарында башталат. Долбоорунун донору - Япония эл аралык кызматташтык агенттиги. Насыянын суммасы - 116 миллион 47 миң доллар, мамлекеттик казынадан 16 миллион 88 миң доллар бөлүнөт.