Жаңылыктар
Кыргызстанда балдарга полиомиелитке каршы эмдөө башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда балдарга полиомиелитке каршы эмдөө башталды

Кыргызстанда балдарга полиомиелитке каршы эмдөө башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

Эмдөө 19-апрелден 19-майга чейин жүргүзүлөт. Вакцинаны үч жана беш жаштагы, тагыраагы, 2016-жылдын 1-апрелинен тарта 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар алат. Эмдөө бекер. Учурда Кыргызстанда полиомиелитке каршы дарынын 180 миң дозасы бар, дагы алып келүү пландалууда. 

Жалпысынан 270 миңден ашуун бала эмделмекчи. Министрлик Кыргызстанда 1993-жылдан бери поливирус жок экенин, 2002-жылдан тарта республиканын "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификаты барын эскертти. Полиомиелит - балдарды өлүмгө чейин алып барган инфекциялык оору. Кесепети адамды өмүр бою коштоп жүрөт. Дарттын дабасы жок, бирок вакцинанын жардамы менен коргонсо болот.