Жаңылыктар
Эмиль Жамгырчиев менен Бакытбек Калмуратовдун иши боюнча сот процесси жүрүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Эмиль Жамгырчиев менен Бакытбек Калмуратовдун иши боюнча сот процесси жүрүүдө

Биринчи май райондук сотунда жоюлган Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Эмиль Жамгырчиев жана өкмөттүн аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары Бакытбек Калмуратовдун иши боюнча сот процесси жүрүп жатат. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, УКМК өткөн жылдын 19-октябрында Эмиль Жамгырчиев менен Бакытбек Калмуратовго карата Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизген.