Жаңылыктар
БШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуштарды эсептөө иштери уланууда
Шайлоо 2023
БШКда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуштарды эсептөө иштери уланууда

Борбордук шайлоо комиссиясында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодогу добуштарды саноо иштери уланууда. Буга чейинки электрондук маалыматтар менен салыштырылгандан кийин расмий жарыяланат. 

Мыйзам боюнча БШК 2-майга чейин шайлоонун жыйынтыгын чыгарышы керек. Азыркы тапта добуштардын дээрлик басымдуу бөлүгү эсептелип бүттү. БШКдагы жумушчу топтор келип түшкөн арыздар жана мыйзам бузуулардын үстүнөн да тиешелүү органдар менен биргеликте териштирүү иштерин улантууда. Ал эми 30% аялдарга берилген квота боюнча 2 миңден ашык орунга 5 миңден ашык талапкер ат салышкан. 

Орто эсеп менен бир орунга экиден айым туура келет. Шайлоодо 10 шайлоо округунда айымдар талапкерлигин койгон эмес. Калган 400дөн ашык аймактарда айымдар квоталык негизде шайлоого катышты. Эми добуштар колго эсептелип чыккан соң, жыйынтыгы жарыяланып, депутаттар кызматына киришет.