УКМК тарабынан үч илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга аракет кылгандар аныкталды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
Такталгандай, «К.А.С.» аттуу адам Тажикстан Республикасынын жарандарынан алган илбирстин үч терисин Ош шаарында 4500 АКШ долларына сатууну пландаштырган. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында терилерди сатуу учурунда «К.А.С.» аттуу адам кармалды.
Белгилей кетсек, илбирс улуттук мыйзамдардын чегинде корголуп, Кызыл китепке кирген жаныбар, Бишкек шаарынын символу жана аны сатуу мыйзамсыз болуп эсептелинет.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 293-беренеси (Кызыл китепке кирген жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо жана башка шериктерин табуу боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.