Жаңылыктар
Кампаларда топтолгон мунайдын кору түгөндү. Учурда бир гана Кытайда мунайдын кору бар
Дүйнө
Кампаларда топтолгон мунайдын кору түгөндү. Учурда бир гана Кытайда мунайдын кору бар

Пандемия учурунда суроо-талаптын азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунайдын кору түгөндү. Бул тууралуу Эл аралык энергетика агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, учурда бир гана Кытайда кору бар. Алар аны иштетүүчү жаңы ишканалар үчүн сактап турат. 

"Февраль айында дүйнө жүзү боюнча топтолгон мунайдын бештен бир бөлүгү гана калган. Андан бери дагы азайды. Калыбына келип жаткан дүйнөлүк экономикада күйүүчү майга суроо-талап өтө жогору болуп жатат", — деп айтылат маалымат. 

Өткөн аптада Эл аралык энергетика агенттиги мунайга болгон баа дагы беш пайызга өскөнүн айткан.