Жаңылыктар
"Медиа Лига-2021": КТРК курамасы чемпион болду
Спорт
"Медиа Лига-2021": КТРК курамасы чемпион болду

Бишкекте жалпыга маалымдоо каражаттарынын командалары арасында өткөн "Медиа Лига - 2021" турнири жыйынтыкталды. 

Мелдеште Коомдук телерадио берүү корпорациясынын командасы жеңүүчү болду. Экинчи орунду ЭлТР, ал эми үчүнчүнү “Азаттыктын” курама командасы камсыздады. Жалпысынан турнирге сегиз команда катышты. Алар: “Азаттык", "Ала-Тоо 24", "КТРК", "Кыргыз СпортТВ", "Клооп", "ЭлТР", "НТС" жана "Супер" командалары. Ошондой эле, оюнда жеңилген командадарга активдүү катышкандыгы үчүн дипломдор тапшырылды. 

Аталган турнир Спорт лигасынын колдоосу астында өлкөдө массалык футболду өнүктүрүү жана ата мекендик ышкыбоз футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлдү. Эскерте кетсек, турнир 7-мартта башталып, беттештер ар ишемби сайын өткөрүлүп турду.