Жаңылыктар
Мамлекеттик идеология: кыргыз киносунун милдети
Маданият
Мамлекеттик идеология: кыргыз киносунун милдети

Кыргызстанда идеология маселеси көп талкууланат. Мамлекеттик идеология улуттук идеологияга негизделиши керек деген пикирлер бар. Айрымдар көп улуттуу өлкөдө мамлекеттик идеология мамлекеттик принциптердин негизинде түптөлүшү керек дешет. 

Балдарды, жаштарды жалпы эле массаны тарбиялоодо адабият, маданият, искусство негизги ролду ойноору  байма-бай айтылат. Учурда кыргыздын кино өнөрү да таалим тарбияга, моралдык нравалык принциптердин сакталышына чоң таасир тийгизип жатат. Чет жактын ур-токмокко алган, агрессиялык мүнөздөгү кино тасмалары  жаш муундун аң сезимине кадимкидей бүлүк салып,  аны туурап, ошондой болгусу келген муун да чыкты. Ошентсе да соңку жылдарда Кыргыз киносунда бир топ өзгөрүү болуп, улуттук баалуулуктар сакталган, рухий мурас дөөлөттөрдү даңазалаган кинофильмдер жарала баштады. 

Негизи эле коомчулукка таасир этип, көпчүлүктү тарбиялоого кино искусствосу канчалык салым кошо алат? Идеологияга, улуттук баалулуктарга байланышкан  көйгөйлөрдү чечүүдө, же болбосо  моралдык, нравалык жоопкерчиликти көтөрүп, мекенчилдикке тарбиялоодо кино тармагы кандай багытты карманышы керек? Биз бул боюнча кенен сөз кылабыз.

Уктурууга  СССР  Журналисттер жана Жазуучулар союздарынын мүчөсү, киносценарист, жазуучу, котормочу Абибилла Пазылов, Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” Улуттук киностудиясынын директору Акжол Бекболотов жана Кинетаматография департаментинин кинотармактар боюнча башкы адиси Кыргызбаев Жолдошбек Өмүракунович катышат.