«Коопсуздук-2021» аталышындагы биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жүрүшүндө республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн жолун тосуу жана жок кылуу боюнча биргелешкен атайын операция өткөрүлдү.
Резервдеги роталарды практикалык мобилизациялоо менен согуш абалы жана өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип, аскердик ок атуулар өткөрүлдү. Машыгууларга 2 миңден ашык адам тартылып, болжол менен 100 автомобилдик, бронетанкалык бирдик жана атайын техникалар, 20 артиллериялык система, 10 учак катышты.
Бул машыгууга Россиянын Коргоо министрлигинин 20 022-аскердик бөлүгүнүн аскер кызматкерлери да катышты. Бардык катышуучулар жогорку күжүрмөн даярдыкты, ырааттуу координацияланган ишти, сабаттуу жана чечкиндүү иш алып баруу жөндөмүн көрсөтүштү. Машыгуунун жыйынтыгында Россиянын 11 аскер кызматчысы Кыргызстан Президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты. Сыйлык тапшыруу аземи Кант авиабазасында өттү.