Жаңылыктар
Кыргыз элине жеңиш алып келген футболчу кыздарды президент куттуктады
Спорт
Кыргыз элине жеңиш алып келген футболчу кыздарды президент куттуктады

Президент Алмазбек Атамбаев футбол боюнча өлкөнүн кыздар курама командасы менен жолугушту. Мамлекет башчысы команданын мүчөлөрүн жакында Шотландияда өткөн көчө футболу боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы ийгилиги жана жемиштүү жеңиши менен куттуктады.

Алмазбек Атамбаев футбол боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасына финансылык жардам жана баалуу белек катары 300 000 сомдук сертификат тапшырды. 

Көчө футболу боюнча курама команда президенттин кабыл алуусунда биринчи жолу. Кыргызстандын кыздар курмасынын баш катчысы Анара Касмалиева алгач команда мүчөлөрү менен тааныштырып өттү. 

Алмазбек Атамбаевдин футболисттер менен жолугушуусу жылуу маанайда өттү. Оюндагы окуялар, кыздар футболунун азыркы абалы жана анын келечеги тууралуу чай үстүндө сүйлөшүп отурушту. Өлкө башчы көчө футболу боюнча курама команданын дүйнөлүк биринчиликтеги ийгиликтери менен сыймыктанарын айтты.

Дүйнөлүк чемпионаттагы кыздардын бул жолку беттеши эсте каларлык болду. Чейрек финалда кыргызстандыктар Индияны 9:2 эсебинде утса, жарым финалда Шотландиялык атаандаштары менен беттешип, аларды өз үйүндө 8:3 эсеби менен жеңип алды. 

Кыргыз курамасы бир гана Мексиканын командасынан жеңилип калды. Финалдык оюнда гол жаратуучу жакшы жагдайлар орун алганы менен эсеп 5:0 менен аяктап, биздикилер дүйнөлүк чемпионатта экинчи орунду камсыз кылышты.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118