Жаңылыктар
К.Ташиев: элдин кызыкчылыгы башкы орунда
Кыргызстан жаңылыктары
К.Ташиев: элдин кызыкчылыгы башкы орунда

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы - мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Ынтымак айылынын тургундары менен жолукту. Ташиев "Кемпир-Абад" суу сактагычы маселеси жана Өзбекстан менен чек араны тактоого балыныштуу суроолорго түшүндүрмө берип, кандай гана маселе болбосун, элдин кызыкчылыгы башкы орунда экендигин билдирди. Ал жергиликтүүлөрдү ар кандай такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. 

2005-жылдан тартып, суу сактагычка топтолгон суунун көптүгүнөн, ага жакын жайгашкан айылдарда экологиялык көйгөй жаралган. Ташкентте эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда өткөн кеңешмеде дал ушул маселенин айланасында кызуу талкуу жүргөн. Биринчи кезекте, суу сактагычка жакынкы айыл тургундарынын коопсуздугу менен алардын жашоо-тиричилигине терс таасирин тийгизип жаткан маселени чечүү каралган. Натыйжада, суу сактагычтагы суунун денгээлин 908ден 900 горизанталга түшүрүү жетишилген. Ушул сыяктуу бир канча аймактардагы чек ара тилкелерин тактоо протоколуна "Кемпир-Абад" суу сактагычынын плотинасынын жанынан 50 гектар жерди алмашуу да камтылган. Буга каршы болгон Ынтымак айылынын тургундары суу сактагычтын жанына боз үй тигип, нааразычылыкка чыккан. 

Атайын кызматтын жетекчиси кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. 

Калкты чек ара маселелерине байланышкан такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырган төрага, бардык чечимдер жергиликтүү элдин оюн эске алуу менен гана ишке ашырылаарын эскертти. Айыл тургундары талап кылып жаткан эки тараптуу протоколдук келишимдерди бузууга болбой турганын, бул жалпы чек ара маселелеринин ырааттуу чечилуусуно кедергисин тийгизээрин билдирди. 

Жолугушуу 2 саатка уланды. Ынтымактыктар жер тилкеси, сугат суу маселелери боюнча да суроолоруна жооп алды. 

Быйыл чек ара ведомствосунун инфратүзүмүн жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул үчүн мамлекеттин казынасынан 564 млн сом бөлүнөт. 

Келгендер боз үйлөрүн чечип, тарап кетти. Облустук администрация тарабынан бардык район, аймактардын генералдык планын иштеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлөөрү болжолдонууда.