Жаңылыктар
Эки тараптуу алаканы өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Эки тараптуу алаканы өнүктүрүү

Акыркы жарым жылдын ичинде коңшу Өзбекстан менен алакалар ыкчам жанданып, чек ара, соода-экономика жана маданий-гуманитардык багыттарда кыймыл күчөдү. Эки өлкөнүн ортосундагы негизги көйгөй чек ара маселеси болчу. Буга чекит коюлганы, эки элдин карым катнашын камтыган башка тармактардын жанданышына да түрткү болду.

Азыркы учурда Сох анклавында жайгашкан Өтүкчү жана Кайтпас өткөрүү бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Эки тарапка тең өткөн жарандардын саны арбын. Чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары тууган-туушкандарына каттап, майда-чүйдө соода сатык кылып жана ооруканаларга көрүнүү үчүн каттап жатышат. 

Чек арадагы Кайтпас жана Өтүкчү өткөрүү бекеттери эки өлкө чек ара маселеси толук чечилгенден кийин ачылган. Мында жөө жарандарга жана орундугу 20 кишиден ашык эмес кичи автобустардын өтүүсүнө уруксат берилген. Жергиликтүү тургундар чек ара бекеттеринин ачылышы аларга ыңгайлуу шарттарды түзгөнүн айтышат. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегациялары буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара тилкелери толук чечилгенин жарыялашкан. 

Март айында коңшу өлкөгө президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен барып, өлкөлөр ортосунда экономиканын бардык багыттары боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Жалпы суммасы 127 миллион долларды түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерге кол коюлду. Жалпы суммасы 550 миллион долларды түзгөн 60 долбоорду ишке ашыруу каралган.

Алдыда кол коюлган келишимдерди толук ишке ашырып, экономикалык алаканы мындан ары да өнүктүрүү негизги максат. Ошондой эле, эзелтен коңшу, боордош жашап келген эки элдин ынтымагын чыңдап, маданий гуманитардык алакаларды жа жогорку деңгээлге чыгаруу максат кылынган.