Жаңылыктар
Тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар
Кыргызстан жаңылыктары
Тышкы саясаттагы артыкчылыктуу багыттар

Кыргызстан тышкы саясатта алаканы бекемдөөнү алгач коңшу өлкөлөрдөн баштады. Буга чейин Казакстан, Өзбекстан, ага катар Орусия менен саясат, экономика жана маданий-гуманитардык кызматташтык камтылган бардык багыттар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтык жаман эмес дешет адистер.

Мамлекет башчысы катары Садыр Жапаров алгачкы чет өлкөгө иш сапарын Россиядан баштады. Эки өлкө стратегиялык өнөктөш, дээрлик бардык багыттар боюнча тыгыз кызматташтык алакалары түзүлгөн. Адистер пандемиядан кийин Орусия менен кошумча чараларды ишке киргизүү зарылдыгы жаралып, ал президенттин иш сапарынан кийин жөнгө салынганын айтышат.
 

Ошондой эле, Орусия менен вакцина алуу боюнча келишим түзүлүп, ал азыркы учурда ишке аша баштады. Соода сатыктын көлөмү пандемияга карата бир аз солгундаганы менен, негизги көрсөткүчтөр өз калыбында. Орусия Кыргызстандын соода жүгүртүүсүндөгү көлөмү боюнча биринчи орунду ээлейт. 

Адистер өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал, анын өнүгүүсү коңшу өлкөлөр менен тыгыз байланышта экенин айтышат. Андыктан өткөн жылдагы окуялардан кийин биринчи кезекте тегеректеги мамлекеттер менен алаканы жандантуу зарыл болду. Президент Садыр Жапаров март айынын башында мамлекеттик сапар менен Казакстанда болду. Жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдөн сырткары, бул өлкөнүн ири бизнес компаниялары жана ишкерлери менен жолугушуулар өтүп, млндогон доллар каражатка келишимдер түзүлдү. Өзбекстан менен эң негизгиси чек ара маселеси толук чечилип, андан сырткары соода экономикалык кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.

Мындан сырткары, мамлекет башчысына Түркия, Кытай жана Европа өлкөлөрү баштаган бир катар өнөктөштөрдөн расмий иш-сапар менен келип кетүү чакырыктары түшкөн. Ал эми тышкы алакаларды жандантуу жана өнүктүрүү пандемия шартынан кийин абадай зарыл болуп турат.