Жаңылыктар
Мыйзамдар Конституцияга шайкеш келиши керек
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамдар Конституцияга шайкеш келиши керек

Жаңы конституцияга добуш берген референдумдун расмий жыйынтыгы май айына чейин айтылат. Борбордук шайлоо комиссиясы референдумдун жыйынтыгы боюнча расмий жообун айткандан кийин ага Президент Садыр Жапаров кол коюп, Баш мыйзам биротоло расмий түрдө күчүнө кирет. Бирок, эксперттер айтмакчы андан кийин дагы бир топ жумуштарды аткаруу керек болот. Тактап айтканда бир нече мыйзамдардын укуктук нормативдик жактарына алымча-кошумча киргизип, жаңы баш мыйзамга шайкеш келтирип, тууралап чыгуу зарыл.

Кыргызстандыктардын көбү жаңы баш мыйзамды колдоду, бирок акыркы расмий жыйынтыкты БШК май айына чейин айтат. Андан кийин бир нече мыйзамдарды жаңы конституциянын талабына ылайык электен өткөрүп, укуктук-нормативдик актыларды жөнгө салуу керек болот. Негизи февраль айында эле президент Жапаровдун жарлыгы, андан кийин өкмөт башчынын буйругу менен мыйзамдарга инвентаризация жүргүзүү боюнча тапшырма берилген. Андан кийин ведомстволор аралык эксперттик комиссия түзүлгөн.
 

Жаңы конституция күчүнө киргенден тарта өкмөт отставкага кетип, президенттин бийлиги өкүм сүрө баштайт. Тактап айтканда баш мыйзам боюнча чоң жоопкерчиликти өзүнө алган президент парламент менен кеңешип, өкмөттүн жаңы курамын өзү бекитет.

Парламенттин кийинки кадамы болсо жаңы баш мыйзамга ылайык биринчи кезекте КРдин Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизет. Себеби жаны конституцияда парламент депутаттары 120 эмес 90 болот деп көрсөтүлгөн. Балким алар партиялык тизме менен да, бир мандаттуу округдан да теңме-тең санда шайланып калышы мүмкүн. Мунун так эрежесин парламент бышыктап айтат.