Жаңылыктар
УКМК: жыл башынан бери Баткен облусунда 80 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу майдын контрабандасы кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: жыл башынан бери Баткен облусунда 80 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу майдын контрабандасы кармалды

2021-жылдын башынан бери УКМК Баткен областы боюнча башкармалыгы жана УКМК чек ара кызматы менен биргеликте күйүүчү-майлоочу материалдарды экспорттоо үчүн унааларга атайын 1 тоннадан 8 тоннага чейинки көлөмдө орнотулган  күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз экспорттоого аракет кылган 20дан ашык жүк ташуучу унаа кармалган, кармалган күйүүчү-майлоочу материалдардын  жалпы көлөмү 80 тоннадан ашык болгон.

УКМК, Кыргызстан элине аткезчилик фактысы катары бийликти айыптоого кызыкдар болгон айрым адамдар тарабынан, айыл чарба жана башка муктаждыктар үчүн күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган чек арага жакын аймактарда Кыргыз Республикасынын жашоочуларынын унаалары көп санда алып өтүп жаткандыгын белгилеп кетет.

Буга байланыштуу УКМК, бийликке болгон негизсиз айыптоолорго жол бербөөнү суранат.

Маалымат катары: Ушул жылдын 3 айында жүргүзүлгөн анализде, Лейлек районунан расмий түрдө 10 миң тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май алынгандыгын көрсөтөт. Ошол эле учурда жазгы талаа жумуштарына орто эсеп менен 955 тоннадан ашык күйүүчү-майлоочу май керектелет, ал эми 9 миң тоннадан ашыгы Лейлек районунун 65 май куюучу бекеттеринин ортосунда бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле, "Кыргызнефтегаз" ААК Лейлек районунда кудуктардан бензин өндүрүп иштеп келет. Ишкананын күйүүчү май ташыган унаалары чийки затты кайра иштетүү үчүн Баткен облусунан Жалал-Абад облусуна ташыйт.