Жаңылыктар
Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имаратынын курулушу бүтүп, ачылыш аземи болду. Бул 100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде курулуп бүттү. Ал эми оорукананын эски имараты толук кандуу капиталдык ремонттон өттү. Жалпысынан шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы 280 бейтапка ылайыкташтырылган.

Шаардын вице-мэри Эмиль Шадыханов өткөн жылдагы катачылыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жакандыгын билдирди. 

Оорукананын ачылышына КРнын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышып, кызыл тасма кесилди. КРнын саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коомдун саламаттыгы эрежелерди так аткарууда экендигин билдирди. Ошондой эле, дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын кошумчалады. Эпидемиологиялык кырдаал Ош шаарында курчуп бара жаткандыгын билдирген саламаттыкты сактоо координатору эрежелерди так сактоого чакырат.