Район аймагында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо, зордук-зомбулуктун алдын алуу, селсаяктык кылып жүргөн балдарды аныктоо боюнча рейддер өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле сабак учурунда базарларда, интернет клубтарда жүргөн балдарга жана алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Селсаяктык кылууну алдын алуу максатында билим берүү мекемесинин, райондогу балдар комиссиясынын, социалдык жактан коргоо мекемелердин өкүлдөрү менен биргеликте иш-чаранын максаты жана натыйжалуулугу боюнча балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Сабактан качкан, интернет клубтарда ойноп отурган, базарларда соода-сатык менен алектенген 11 жаш өспүрүм Ош ОИИБдин жашы жете электердин укук бузуулардын алдын алуу борборуна өткөрүлүп берилип, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн соң, үйлөрүнө кетирилди. Мындай иш-чара район аймагында дагы улантылмакчы.