Жаңылыктар
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 19-апрель күнү саат 21:58де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады. 

Жер титирөө Чоң-Алай районунун Шибэ айылында-3 балл, Карамык, Кулчу, Жар-Башы, Чак айылдарында-2,5 балл жана Доорот-Коргон айылында-2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.