Жаңылыктар
Көчмөндөр оюну: Суусамыр өрөөнүндө “Ат чабыш” боюнча тандоо туру өткөрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюну: Суусамыр өрөөнүндө “Ат чабыш” боюнча тандоо туру өткөрүлүүдө

Көчмөндөр оюнуна 41 күн калды. Даярдыктар болсо күн санап кызып турган маал. Быйыл көгүлтүр көлдүн жээгиндеги 2 дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кырктан ашуун мамлекет катышаары күтүлүп жатат. Ал ортодо кыргызстандык чабандестер катуу даярданып, күлүктүн күлүгүн байгеге койо беребиз деп турган чактары.

Суусамыр өрөөнүндө “Ат чабыш” боюнча тандоо туру өткөрүлүүдө. Сынактан жеңип чыккан күлүк Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алат. 

Буга чейин Кыргызстанда ат оюндарынын бул түрүнө дээрлик көңүл бурулбай келгени менен катышууну каалагандар аз эмес болгон. Бирок Кыргызстанда спорттун бул түрү жаңы деп эсептелбейт, тескерисинче “Ат чабыш” көчмөндөрдүн терең маанидеги улуттук оюну. 

“Ат чабыш” оюну дүйнө жүзү боюнча төрт эреже боюнча мелдешет. Тагыраагы 40, 80, 120 жана 160 чакырым алыстыкка ат чабылат. Бирок оюндун эң чокусуна жетүү үчүн баардык эрежелерди басып өтүп, 160 чакырымды багынтуу керек. Бул жолку оюн болсо биринчи этап делген 40 чакырым аралык менен башталды. 

Оюнга катышуу үчүн ачык жашыл кийим кийгендер күлүктөрүн жетелеп алып чыга баштады. Айта кетүүчү жагдай “Ат чабыш” оюну эл аралык эрежелердин негизинде өткөрүлөт. Эрежелерди сактабастан мелдешти өткөрүү деген болбойт. 

Ошентип 6 күлүк Суусамыр жана Таластан тапталган. Алар ушул жылы Чолпон-Атада өткөрүлүүчү Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарында өлкө намысын коргойт. Рыспек Карыпов өзүнүн “Аманат” аттуу күлүгү менен Таластан келди. Бул мелдеш алар үчүн биринчи, тагыраагы 40 чакырымды багынтуу керек. 

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу комитети буга чейин Аргентина, Армения, Бразилия, Венгрия, Гватемала, Израиль, Индонезия, Казакстан, Колумбия, Монголия, Пакистан, Перу, Орусиянын бир нече аймактары, Словакия, АКШ, Түркмөнстан жана Эквадор сыяктуу бир топ мамлекеттер оюнга катышары тууралуу кат жолдогонун айткан. 

Учурда тышкы иштер министрлиги жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы спорттук оюнга катышууну каалаган 40ка жакын мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Эскерте кетсек, Бүткүл дүйнөлүк экинчи көчмөндөр оюндарына катышууну каалагандардын арызын кабыл алуу 7-августта жыйынтыкталат.


Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118