20-апрелде күндүз жана 21-22-апрелдеринде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
2021-жылдын 20-апрелинен 24-апрелине чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 132-137- (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255- (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 71-75 (Чапчыма ашуусу), 200-215- (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку унаа жолунун 74-76, 86-88, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 295-300- (Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 161-179 -(Талдык ашуусу) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында- (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдордун айрым тилкелери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
20-апрелинде күндүз жана 21-22-апрелдеринде аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
21-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда, 21-апрелде күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, 22-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба-ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.
22-23-апрелдерде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.