Бүгүн, 20-апрелде Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 млрд 632 млн куб метрди түздү.
“Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, суунун агып келиши секундасына 351 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 259 куб метрге жетүүдө.