Кыргызстандыктар май айында 3 күн эс алышат. Бул тууралуу Саламатык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
1-5-9-май майрам күндөрү. 1-май ишемби күнүнө туура келгендиктен дүйшөмбү күнү эс алуу күнү болушу керек эле. Бирок буга чейин ал эс алуу күнү 8-январга жылдырылган. Андыктан 3-май жумушчу күн болуп саналат.
Ал эми 5-май эс алуу күнү. 9-май жекшемби күнүнө туш келгендиктен, эс алуу күнү 10-майга жылдырылат.
Мындан тышкары май айында Орозо айт белгиленет. Так күнү аныктала элек.
Мындан улам кыргызстандыктар 5, 10-майда жана Орозо айт күнү эс алышат.