Жаңылыктар
Бакай-Атада Талас дарыясына чөгүп кетти делген 2 жашар бала изделүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бакай-Атада Талас дарыясына чөгүп кетти делген 2 жашар бала изделүүдө

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында Талас дарыясына 2019-жылы туулган А.Р. аттуу бала чөгүп кеткен. Ошондон бери издөө иштери жүргүзүлүүдө. 

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, Талас шаардык куткаруу кызматтары, суучулдар кызматы, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, 19-апрелде дагы издөө иштери жүргүзүлдү. Кеч киргендигине байланыштуу саат 19:10до издөө иштери убактылуу токтотулуп, бүгүн 20-апрель күнүда издөө улантылмакчы.