Жаңылыктар
Сууга секирем деп мойнун сындырды
Кыргызстан жаңылыктары
Сууга секирем деп мойнун сындырды

Бишкек шаарындагы аквапарктын биринде сууга секирген 23 жаштагы жарандын мойну сынды. Тез жардам кызматынын маалыматына ылайык, мындай билдирүү кечээ кечки саат 18:30дар чамасында келип түшкөн. 

Жабыр тарткан адам Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жаткырылган. Анын баш мээси чайкалып, мойну сынганы белгилүү болду.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118