Жаңылыктар
Бишкекте таяк тартыш боюнча республикалык чемпионат өттү
Спорт
Бишкекте таяк тартыш боюнча республикалык чемпионат өттү

15-16-апрель күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) таяк тартыш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, мелдешке өлкөнүн 7 облусунан жана Бишкек, Ош шаарларынан 300дөн ашык спортчу катышкан. 

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын таяк тартыш федерациясы тарабынан өткөрүлдү.