Жаңылыктар
Музыкалык мектептин окуучусу президенттен өрүк комуз белекке алды
Кыргызстан жаңылыктары
Музыкалык мектептин окуучусу президенттен өрүк комуз белекке алды

7-класстын окуучусу Адинай Жумакадырова президенттен өрүк комуз белекке алды. Сокулук районундагы музыкалык мектепте комуздан сабак алган окуучу буга чейин мамлекет башчысына өрүк комуздуу болгусу келип жаткандыгын айтып, кат жазган. 

Бүгүн анын кыялы орундалып, өрүктөн чабылган үч кыл комузду Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев тапшырды. 

Адинай 3 жылдан бери комуз ийримине барып онго жакын күүлөрдү үйрөнүп, карагайдан жасалган комузу жакшы чертилбегендиктен, 21-мартта Президентти Нооруз майрамы менен куттуктап андан өрүк комуз сураган. Өлкө башчысыны жыл сайын жүздөгөн балдар кат жазышат. Алардын бардыгына маани берилип, мүмкүн болушунча ишке ашырылат.