Жаңылыктар
Президент Өзгөчө кырдаалдар министри Бороновду кабыл алды
Өзгөчө кырдаал
Президент Өзгөчө кырдаалдар министри Бороновду кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысы жаан-чачындын көп болгондугунан улам пайда болгон тобокелдиктерге байланыштуу калыбына келтирүү жана кырдаалга ылайык чараларды көрүү иштеринин жүрүшүнөн кеңири маалымат алды. Кубатбек Боронов өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүктөрү калк жашаган аймактарды, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жаткандыгын белгиледи. 

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү гидрологиялык кырдаалды кылдат мониторинг жасап турууну, ошондой эле мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну жана тобокелчиликтерди азайтуу максатында өз убагында чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118