Жаңылыктар
Бишкек мериясы Олимпиадага жолдомо жеңген спортчуларды куттуктап, сертификат жана акчалай сыйлык тапшырды
Спорт
Бишкек мериясы Олимпиадага жолдомо жеңген спортчуларды куттуктап, сертификат жана акчалай сыйлык тапшырды

Борбор калаада Токиодо өтүүчү Олимпиада оюндарына жолдомо алган спортчуларды куттуктоо аземи өттү. Бишкек шаарынын мэриясы спортчулар менен машыктыруучуларга сертификат жана акчалай сыйлык тапшырды. 

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов спортчуларга ийгилик каалап, бул жалпы элдин жеңиши экенин айтты. Ошондой эле, Токио олимпиадасынан да байгелүү орундарды алып, өлкөгө олжолуу келишин күтөрүн билдирди. 100 миң сом өлчөмүндө сертификат алган спортчулар:

1. Айсулуу Тыныбекова;

2. Мээрим Жуманазарова;

3. Жоламан Шаршенбеков; 

4. Акжол Махмудов;

5. Айпери Медет кызы;

6. Атабек Азизбеков;

7. Үзүр Жусупбеков;

8. Эрназар Акматалиев;

9. Азат Аманбеков;

10. Владимир Золоев;

11. Дарья Маслова;

50 миң сом өлчөмүндөгү байге жеке машыктыруучуларга, спортчулардын мугалимдерине берилди:

1. Изабеков Нурбек Канатбекович;

2. Махмудов Хаким Махмудович;

3. Калилов Уран Калилович;

4. Мамбетов Кубат Раатбекович;

5. Тупик Андрей Васильевич;

6. Жуманазаров Рахмадилла Кадыркулович;

7. Мамышев Ырысбек Барыктабасович;

8. Юнусов Абдужалил Мажитович;

9. Борисова Татьяна Викторовна.

 СДЮСШОРдун директорлоруна ыраазычылык кат жана  белектер тапшырылды.

1. Бекбоев Жолдошбек Доталиевич;

2. Бокоев Бактияр Макенович;

3. Кулматов Кочкорбек Заирбекович;

4. Беккулов Талант Асылбекович.

Белгилей кетсек, Казакстандын Алматы шаарында өткөн Азия квалификациялык мелдешинде кыргызстандык спортчулар олимпидага 6 жолдомо жеңип алган.