Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Бул тууралуу кабарды "Ала-Тоо 24" каналына жазуучунун карындашы Роза Айтматова тастыктады.
Белгилүү болгондой, Мария Айтматова буга чейин коронавируска кабылып, республикалык жугуштуу оорулар клиникасында дарыланып жаткан. Мария Айтматова 13-июлда 79 жашка чыкмак.