Жаңылыктар
Шаар күнү жана Улуу Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Шаар күнү жана Улуу Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт

Шаардыктардын коопсуздугу үчүн 29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата массалык иш-чараларды өткөрбөө чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдады.

Бишкек шаарында эпидемияга жана эпизоотияга каршы чукул комиссиянын отурумунда 29-апрель Бишкек шаарынын күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө карата иш-чараларды өткөрүү маселелери каралып, жыйынтыгында майрамдарды онлайн режиминде өткөрүү чечими кабыл алынган.

Белгилей кетсек, борбор калаада эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда, Бишкек шаарында COVID-19 пандемиясынын бардык мезгилинде катталган коронавирустук инфекция жана пневмония менен ооругандардын саны 32 649 түздү, анын ичинен 20-апрелге карата жаңы 117 учур катталды.