Жаңылыктар
Тарых музейиндеги өрттүн себептери такталууда
Кырсык
Тарых музейиндеги өрттүн себептери такталууда

Мамлекеттик тарых музейиндеги өрттүн себептери такталып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, 22-июль күнү кечинде Бишкектеги тарых музейинде өрт чыгып, аны өчүрүү үчүн бир нече саат талап кылынган. ӨКМдин маалыматы боюнча, музейдин имараты жана анын ичиндеги экспонаттар жабыркаган эмес. Өрт музейдин конференц-залынын жанында жайгашкан складдан чыккан. Ал жерде кымбат баалуу буюмдар болбогонун музейден билдиришти. 

Өрттү өчүрүү учурунда ӨКМдин бир кызматкери бутунан жаракат алып, ооруканага жеткирилген. 10 кызматкер болсо өрттүн түтүнүнөн ууланып, аларга жеринен медициналык жардам көрсөтүлдү. 

Маалыматтар боюнча, Тарых музейинде жалпысынан 135 миң экспонат бар.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118