Жаңылыктар
Бишкекте “Курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук” аттуу көргөзмө форум өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте “Курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук” аттуу көргөзмө форум өтүүдө

Бишкек шаарында “Курулуш, энергетика, атайын техника жана коопсуздук” аттуу эл аралык конгресс жана көргөзмө форуму өтүп жатат. 

Мында 7 мамлекеттен келген 70тен ашуун компания курулуш жана энергетика жаатындагы маанилүү материалдарды сунушташты. Иш-чаранын катышуучулары жана эксперттердин пикиринде, жолугушуу жана сүйлөшүүлөр өз ара кызматташтыкты кеңейтип, байланыштарды түзүүгө жол ачат.