Жаңылыктар
Үркүндүн 100 жылдыгын карата үч күндүк иш-чара болуп өттү
Маданият
Үркүндүн 100 жылдыгын карата үч күндүк иш-чара болуп өттү

Ысык-Көл облусунда Үркүндүн 100 жылдыгын эскерүүгө арналган үч күндүк иш-чара болуп өттү. Республикалык илимий жыйынды коштогон жөө жүрүш “Бабалардын баскан изи” - деп аталды. Өлкөнүн жети дубанынан чогулган жаштар биринчи күнү конференцияда бир кылым мурда болгон капсалаңдуу окуянын тарых таржымалы менен тереңдеп тааныша алды. 

Андан соң жаштар ата-бабалар Кытай тарапка качкан жолдор аркылуу ашууларды ашып, буга чейин аска ташта, мөңгүлөрдө калган адамдардын сөөктөрү көмүлгөн жерлерге барып куран окулду. Сырт жайлоосундагы Ак-Шыйрак аймагына жөө жүрүш уюшулуп, Сөөк ашуусундагы Үркүндүн күмбөзүнө зыярат кылышты. Үркүндүн 100 жылдыгына карата иш-чараны Ысык-Көл облусттук администрациясы демилге кылган.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118