Орусия өкмөтүнүн каржылоосу менен Кыргызстанда 9 жаңы мектеп курулат. Анын ичинен үч мектептин курулушу жакын арада башталмакчы. Билим берүү мекемелери эл аралык стандарттарга ылайык салынып, окутуу ыкмасы да заманбап талаптарга төп келмекчи.
Билим берүү тармагындагы кызматташтык келишимине Президент Садыр Жапаровдун биринчи чет элдик иш сапары менен Орусияга барган учурунда кол коюлган.
Жаңы мектептер Кыргызстанда Орусия өкмөтүнүн көмөгү менен салынат. Биринчи этапта 3 мектепти Ош, Каракол шаарларында жана Чүй облусунун Сокулук районунда куруу пландалууда. Мектептерде окутуу орус тилинде болот, эгер зарылчылык болсо кыргыз тилдүү класстар ачылат. Окутуу ыкмасы Орусиянын билим берүү стандарттарына ылайык жүргүзүлмөкчү.
Азыркы учурда 3 мектептин долбоору түзүлүп, россия тарапка жөнөтүлдү. Билим берүү мекемелеринин эң азы 275 орундуу, ал эми чоңу 1200 орундуу болмокчу. Долбоордо мектептер эл аралык эреже- талаптарга ылайык келиши үчүн бардык зарыл шарттар каралды.