Жаңылыктар
Кайра каралып жаткан кадр маселеси
Кыргызстан жаңылыктары
Кайра каралып жаткан кадр маселеси

Ушул тапта өлкөдөгү кадр саясатынын жаңылануу процессин президенттин Жарлыгынын койгон талаптарынын негизинде өз жолуна алып чыгуу зарылдыгы турат. Ошондой эле, Жарлыкта кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана дасыгын жогорулатуунун туруктуу иштеген тутумун түзүү зарылдыгы белгиленген. 

Ушул тапта регионалдык кадрлар резервине талапкерлердин аңгемелешүү этабы уланууда. Комиссия мүчөлөрүнүн баасы аңгемелешүүдө ар тараптуу калыстыкты камсыздоо алкагында жетекчи үчүн керек делген лидерлик жана кесиптик сапат, ой-жүгүртүүсүн айтып берүүдөгү тактык, туура баарлаша билгендиги ошондой эле изденүүсү менен жоопкерчилиги да кошо эске алынууда.

Аттестациялоочу комиссиянын мүчөсү, мамлекеттик кызматтын ардагери Садыкбек Аблесов, муниципалдык кызматка келем дегендердин дарамети күч болгону менен жалпы жонунан деңгээли төмөнүрөөк деп баа берет. Ошону менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарга кадыр-баркын түшүрүп алган, мурда коррупциялык кылмыштарга аралашкан адамдарды дайындоого тыюу салуу болушу керек.