Жаңылыктар
Бажы кызматы Абхазиядан келген унааларды сатып алуудан этият болууга чакырууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бажы кызматы Абхазиядан келген унааларды сатып алуудан этият болууга чакырууда

Тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү өлкөгө убактылуу кирген унааларды сатып алуудан этият болууга чакырууда. Себеби Абхазиядан келген унаалар мыйзамсыз - дейт адистер. Кыргызстанда 2015-жылы оң жагынан башкаруудагы унааларды каттоого алууга тыюу салынган. 

Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматы Грузиянын Абхазия аймагында каттоодо турган унааларды Кыргызстандын аймагына ташып келүү жана колдонуу менен ЕАЭБдин бажы мыйзамдары одоно бузулганын билдирди.