Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты. 

"Мария Айтматованын дүйнөдөн кайткандыгы жөнүндө суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул - анын үй-бүлөсү жана достору үчүн гана эмес, баарыбыз үчүн чоң жоготуу. Айтматова биздин эсибизде камкор эне, үй-бүлө очогунун сактоочусу, ошондой эле Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө даңазалаган улуу жазуучунун жашоосундагы сүйүктүү жары жана ишенимдүү жубайы катары түбөлүккө калат. Айтматовдордун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана туугандарына дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди Президент Садыр Жапаров.