Жаңылыктар
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды

Жергиликтүү сотторго бир катар судьялар дайындалды. Судьяларды тандоо боюнча кеңеш тарабынан Президент Садыр Жапаровдун дарегине судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Чүй жана Ош облустарынын кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн жалпы 20 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. 

Тийиштүү мамлекеттик органдардын талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарын эске алуу менен Садыр Жапаров судьялык кызматка 19 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунуштары менен макул болду. Ал эми бир талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, бул талапкер боюнча материалды Кеңешке кайтарды.