Жаңылыктар
Бишкектеги 7 шайлоо участокто добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра саналат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектеги 7 шайлоо участокто добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра саналат

Бишкек шаарындагы 7 шайлоо участокто референдум боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы кайра саналып чыгат. БШК ушундай чечимге келди. 

Мындай жагдайга арыз-даттануулар себеп болгон. Ал ортодо Бишкек шаардык кеңешке ат салышып, бирок босого чектен өтпөй калган партиялардын өкүлдөрү маалымат жыйынга чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышты. 

Ал эми Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы чыга электигин билдирип, азырынча шайлоону жокко чыгарууга негиз жок экендигин маалымдады.