Бириккен улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстан демилгелеген "Жаратылыш чек араны тааныбайт: Трансчек аралык кызматташтык - биоартүрдүүлүктү сактоонун жана пайдалануунун маанилүү фактору" аттуу резолюция бир добуштан кабыл алынды.
Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен катар, БУУнун 60 мүчө-мамлекети Кыргызстандын резолюциясына авторлош болуп чыгышты. Резолюциянын негизги максаты Туруктуу өнүгүүнүн жана “Күн тартиптери - 2030ду” ишке ашыруунун принциптеринин негизинде жаратылыш ресурстарын ырааттуу пайдалануу менен келечек муундарды таза, коопсуз жана стабилдүү чөйрө менен камсыз кылуу боюнча биргелешкен иш-чаралар аркылуу биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маселелери боюнча трансчекаралык кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.
Кыргызстан тарабынан демилгеленген резолюция БУУнун мүчө мамлекеттеринин ортосундагы экология жаатындагы трансчекаралык байланыштар боюнча маселелерди чагылдырган БУУнун адистештирилген документтеринин бири болуп эсептелинет.