Жаңылыктар
Ысык-Көлдө өрүк фестивалы болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көлдө өрүк фестивалы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда “Сары кыздын тоюу”- деген аталыштагы өрүк фестивалы болуп өттү. Өрүк жемишин даңазалаган майрамдык саамалык Ысык-Көл жергесинде мурда райондук деңгээлде гана өтүп келсе, республикалык деңгээлде быйыл биринчи ирет уюшулду. Демилгени биринчи болуп Тосор айылы колго алган.

Уюштуруучулардын айтымында, фестивалдын максаты - Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги айылдарда өскөн өрүктүн өзгөчөлүгү тууралуу маалымат жайылтуу, өрүк бизнесин өнүктүрүү жана продукцияны жакшыртуу. Фестивалдын программасына семинарлар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, өрүктөн жасалган кондитердик азыктар жана тамактар боюнча сынактар камтылды. Мындан тышкары, «Мисс сары кыз» сынагы өткөрүлүп, концерттик программа менен коштолду. Өрүк фестивалга Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек жана Жеңиш айылдары катышты. Анткени бул айылдарда өскөн өрүктүн түрлөрү мыкты деп саналып, көп жылдар бою Казакстан менен Россияга экспорттолуп келет.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118