Бүгүн, 21-апрелде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат. Ал эми акыркы сапарга узатуу зыйнаты Чыңгыз Айтматовдун үй музейинде өтмөкчү.
Эске салсак, Мария Айтматова кечээ, 20-апрелде көз жумган. Белгилүү болгондой, Мария Айтматова буга чейин коронавируска кабылып, республикалык жугуштуу оорулар клиникасында дарыланып жаткан. Мария Айтматова 13-июлда 79 жашка чыкмак.