Жаңылыктар
Өзбекстан - Кыргызстан: ички иштер министрликтери тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан - Кыргызстан: ички иштер министрликтери тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

Өзбекстан менен Кыргызстандын ички иштер министрлиги эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн кесиптик тажрыйба менен алмашуу, кызматкерлердин деңгээлин өнүктүрүү багытында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Сүйлөшүүлөр Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстанга расмий иш сапарынын алкагында ишке ашууда. Ошондой эле Өзбекстандын Ички иштер министрлиги Кыргызстандан барган кесиптештерине ички иштер органдарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалоонун жүрүшү, тутумга маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, кылмыштуулуктун санын азайтуу жана болтурбоо жөнүндө маалымат беришти. 

Мындан сырткары ИИМдин делегациясы Ташкент шаарынын жана Самарканд облусунун укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууну мерчемдөөдө.