Жаңылыктар
ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-айлампасы башталды
Маданият
ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-айлампасы башталды

Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-айлампасы башталды. Жалпысынан быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларына кирүү үчүн сынакка 26 миңден ашуун абитуриент катышкан. 

Биринчи айлампада гранттык орундар аркылуу 2610 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынса, экинчи айлампада 2 322 абитуриент өткөн. Үчүнчү айлампага канча орун калганы азырынча белгисиз. 

ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-айлампасы бүгүнтөн тарта 30-июлга чейин уланат. Быйыл Кыргызстандын орто мектептерин 52 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктады.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118