Жаңылыктар
Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажырады
Саясат
Кубанычбек Жумалиев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажырады

Кубанычбек Жумалиев мындан ары Жогорку Кеңештин депутаты эмес. Бул чечим бүгүн БШКнын жыйынында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, ал депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыз жазган.

Анын ордуна парламентке Аманкул Токтомамбетов келди.

Белгилей кетсек, Кубанычбек Жумалиевге билим берүү ишмердигине лицензияны мыйзамсыз алган, аны алыш үчүн тийиштүү мамлекеттик кызмат адамдарына депутаттык кызматынан пайдаланып, кысым көрсөткөн деген айып тагылган. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Буга чейин Жумалиевге жүрөк-кан тамыр оорусу диагнозу коюлуп, ал “Бикард” клиникасына жеткирилгени маалымдалган. Ошондой эле, Жумалиев жалпы суммасы бир миллиард сомдон ашык акчага бааланган коммерциялык активдерди жана кыймылсыз мүлктү мамлекетке өткөрүп берип, эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.