Кара-Суу районунда өткөн “Селсаяк” аталган иш-чаранын жүрүшүндө кароосуз жүргөн 72 жашы жете элек өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Кара-Суу районунун аймагында “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу иш-чаранын жүрүшүндө райондун аймагында коомдук жайларда, кафе-ресторандарда, автоунаа жуучу жайларда, компьютердик клубдарда, сейил бактарда селсаяктык жана кароосуз жарандарды аныктоо максатында иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Кара-Суу шаарынын жана райондун аймактарында 72 жашы жете электер аныкталып, аларга кароосуз, ата-энесиз кечки убакта көчөдө жүрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде окуучулар арасында жана ата-энелери менен биргеликте укук бузуучулуктун, кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун, жол кыймылынын эрежелерин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.