Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында инерттүү материалдарды чачуу жана жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат.
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен билдиргендей, түндө ашууларга кар жаап, калыңдыгы 10-15 см түздү. №9 жана 23 жол-эксплуатация башкармалгынын кызматкерлери жолдорду кардан тазалап жатышат. Айдоочулардын коопсуз жүрүүсү үчүн бардык зарыл техникалар тартылган.