Жаңылыктар
Өлкө аймагында жалпы 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында жалпы 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы бир күндө 1 миң 435 адам коронавируска каршы вакцина алса, алардын ичинен 108ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Өлкө аймагында жалпы 12 миң 265 адам эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 1 104;

- Ош шаарында – 1 106;

- Чүй облусунда – 1 259;

- Ош облусунда – 4 120;

- Ысык-Көл облусунда – 938;

- Талас облусунда – 372;

- Нарын облусунда 562;

- Жалал-Абад облусунда – 2 259;

- Баткен облусунда – 545 адам вакцина алды.

Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандар арасында терс учурлар катталган жок.