Жаңылыктар
Мария Айтматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Мария Айтматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматованын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө жерге берилди. 

Маркум менен коштошуу зыйнаты жазуучунун үй-музейинде өтүп, ага Президенттин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Кайрат Иманалиев, бир катар маданият ишмерлери жана Мария Айтматованын жакындары, санаалаштары катышты. 

Мария Айтматова кечээ, 20-апрелде 79 жашка караган курагында дүйнө салган. Ал 1942-жылы 13-июлда Чүй облусунда туулган.